География:ЖАШЫЛКӨЛ
ЖАШЫЛКӨЛ — Иле Алатоосунун түш. капталындагы чакан кооз тоо көлү. Чоң Кемин өрөөнүнүн башында деңиз деңг. 3 121 м бийиктикте жайгашкан. Аянты 0,27 км2. Көл чанагы байыркы зор көчкүдөн өрөөндү бөгөп калышынан пайда болгон. Көл мөңгү, жаан–чачын, кар суулары м-н толукталып, андан Жашылкөл суусу агып чыгат да, Чоң Кемин суусуна куят.