География:АЛАКӨЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛАКӨЛ — Тескей Алатоонун түн. капталындагы көл. Каракол өрөөнүнүн оң капталындагы кууш коктуда жайгашкан. Уз. 2,8 км, эң жазы жери 600–700 м. Аянты 1,5 км2дей. Көл чанагы деңиз деңг. 3 532 м бийиктикте жатат. Мөңгүдөн агып чыккан чакан өзөн көлдү толуктап турат. Бөгөт көлдөрдүн тибине кирет. Көл суусу бөгөттүн астынан сарыгып агып чыгып, Каракол суусуна куят.