География:ЫРДЫК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЫРДЫК – Тескей Алатоонун түн. капталынан башталып, Ысыккөлгө куйган суу. Уз. 28 км, алабынын аянты 300 км2. Алабынын деңиз деңг. орт. бийикт. 2600 м. Акжайлоодогу көлдөн башталып, сол куймасы Кызылжар кошулгандан кийин капчыгайдан өтүп өрөөнгө чыгат. Ысыккөлгө 2–3 км калганда Ырдык (башы Челпек аталат) аттуу оң куймасы кошулат. Алабында жалпы аянты 4 км2 келген мөңгүлөр, 0,15 км2 келген 3 көл бар. Негизинен кар, мөңгү (85%) ж-а жамгыр (15%) сууларынан куралат. Жылдык орт. чыгымы 1,32 м3/сек, эң көбү июнда (5,72 м3/сек), эң азы февралда (0,29 м3/сек) байкалат. Сугатка пайдаланылат (андан жалпы суу өткөрүмдүүлүгү 2,66 м3/сек 6 сугат каналы башталат). Боюнда Ырдык кыш. жайгашкан.