География:ЧОҢ ҮЗӨҢГҮКУУШ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЧОҢ ҮЗӨҢГҮКУУШ – Ички Теңиртоонун түш.-чыгышындагы суу, Какшаал днын сол куймасы. Уз. 116 км (Кырг-ндын аймагындагы уз. 83 км), алабынын аянты 2880 км2. Какшаал кырка тоосунда жайгашкан. Ортоташ мөңгүсүнөн башталып, түндүккө Көгалачаптын түзөңүндө чыгышка карай агат. Котур суусу Сарычат суусуна кошулгандан баштап Ч. Ү. аталат. Ири куймалары: Котур (уз. 39 км), Кичи Үзөңгүкууш (35 км), Чоң Терек (27 км), Кичитерек (24 км) – сол; Чоң Туурасуу (16 км), Чоң Төөкуйрук (16 км) – оң. Алабында 335 мөңгү (жалпы аянты 400,6 км2), 27 майда көл (жалпы аянты 1,3 км2) бар. Жылдык орт. чыгымы төмөнкү агымында 27 м3/сек, эң көп чыгымы 120–150 м3/сек, эң азы 3–5 м3/сек. Мөңгү кар ж-а булак сууларынан куралат. Өрөөнү Атбашы ж-а Жетөгүз р-нун жайлоосу.