География:ҮЧКӨЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ҮЧКӨЛ – Борб. Теңиртоодогу суу, Сарыжаздын оң куймасы. Уз. 87 км, алабынын аянты 1400 км2. Тескей Алатоонун түш. капталынан башталат. Жогорку агымында Сарычат аталып чыгышты, ортоңку бөлүгүндө Ээрташ делип, түштүктү карай кууш өрөөн аркылуу агат. Төмөнкү агымында чыгышка багыт алып, Ү. аталат. Алабында 165 мөңгү (жалпы аянты 326,6 км2), 13 көл бар. Жылдык орт. чыгымы чатында 11,8 м3/сек, эң көп чыгымы июль – августта (45–50 м3/сек), азы февраль – мартта (1,5– 2,1 м3/сек) байкалат. Өрөөнү жайыт.