География:ҮЗӨҢГҮКУУШ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ҮЗӨҢГҮКУУШ – Чоң Үзөңгүкууш суусунун негизги курамы. Уз. 23 км, алабынын аянты 334 км2. Суу куралуу обулусуна кирет. Алабынын деңиз деңг. орт. бийикт. 3900 м, эң бийик жери 5407 м, эң жапыз жери (чатында) 3220 м. Какшаал тоо тизмегинин түн. капталындагы мөңгүдөн башталып, аскалуу кууш өрөөн аркылуу агат. Алабында жалпы аянты 137,1 км2 келген 35 мөңгү бар, ири куймалары: Котур, Айталаа, Сарычат. Жылдык орт. чыгымы 3–4 м3/сек, эң көбү июнь-июлда, эң азы февраль – мартта байкалат. Негизинен кар, мөңгү ж-а булак сууларынан куралат. Өрөөнү Атбашы р-нун жайлоосу.