География:ТУУРАСУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ТУУРАСУУ, У л а к о л – Тескей Алатоонун түн. капталынан башталган суу. Уз. 46 км, алабынын аянты 593 км2. Туурасуу ж-а Улакол сууларынын кошулушунан түзүлүп, Ысыккөлгө куят. Жылдык орт. чыгымы 3,1 м3/сек, эң көп чыгымы 73,4 м3/сек, эң азы 1,16 м3/сек. Май айында кирип, июнда ташкындайт, сентябрда тартыла баштайт. Жээгинде Караталаа кыш. жайгашкан.