География:ТОСОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ТОСОР, А ш у у Тө р, Ж а л г ы з к а р ас а й – Тескей Алатоонун ортоңку бөлүгүнүн түн. капталынан агып түшкөн суу. Уз. 30 км, алабынын аянты 304 км2. Алабынын деңиз деңг. орт. бийикт. 2990 м. Алабында жалпы аянты 21 км2 болгон 23 мөңгү, 0,06 км2ди ээлеген үч көл жайгашкан, бири туздуу. Жалпы уз. 130 км келген 37 куймасы бар. Негизинен кар, мөңгү (85%) ж-а жамгыр (15%) сууларынан куралат. Май – октябрь айларында кирип, ноябрь – апрелде тартылат. Көп жылдык орт. чыгымы 2,3 м3/сек, январь – мартта суусу тартыш (1,0 м3/сек). Эң көп чыгымы 65 м3/сек, эң азы 0,40 м3/сек. Сугатка пайдаланылат. Боюнда Тосор кыш. жайгашкан.