География:ТОРАЙГЫР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ТОРАЙГЫР – Ысыккөл өрөөнүндөгү суу. Уз. 30 км, алабынын аянты 175 км2. Күнгөй Алатоонун батыш бөлүгүнүн тү ш. капталдарынан башталып, Торайгыр кыш-нан 2 км түштүгүрөөктө көлгө жетпей соолот. Жалпы уз. 90 км болгон 22 куймасы бар; ирилери – Түзашуу (10 км), Күүлдөк (13 км), Кызылбулак (13 км). Кар (90%) ж-а жамгыр (10%) сууларынан куралат. Апрель – август айларында кирип, сентябрь – мартта тартылат. Көп жылдык орт. чыгымы 0,83 м3/сек, май айында суусу мол болуп, орт. чыгымы 1,40 м3/сек, январь – марттарда суусу тартыш келип, орт. чыгымы 0,45 м3/секга жетет. Байкалган эң көп чыгымы 44,4 м3/сек. Айрым жылдары кышкысын соолуп калат. Суусу дээрлик сугатка пайдаланылгандыктан, андан 2,30 м3/сек суу өткөрүүчү 3 канал чыгарылган. Боюнда Торайгыр кыш. жайгашкан.