География:ТЕРЕК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– суу, Тар суусунун оң курамы.

Каракулжа р-нун аймагында. Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш капталынан башталат. Уз. 50 км, алабынын аянты 378 км2. Т-тин 40тан ашык куймасы бар; ирилери: Төөжайлоо, Буура ж. б. Алабында аянты 23,2 км2ге жеткен 53 мөңгү бар. Жайында кирип, күздө тартылган Теңиртоо дарыяларынын тобуна кирет. Кар ж-а мөңгү сууларынан куралат. Алабынын орт. бийикт. 3800 м. Жылдык орт. чыгымы 4,5 м3/сек, модулу 11,9 л/секкм2. Эң мол агымы жайдын 1-жарымына туура келет. Өрөөнү жайыт.