География:ТЕРЕК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Атбашы р-нундагы суу, Аксайдын оң куймасы. Уз. 60 км, алабынын аянты 1160 км2. Какшаал кырка тоосунун түн. капталындагы Кыпчак ашуусуна жакын 3925 м бийиктиктен башталган суу, түштүккө карай агат. Аксайга кошуларда нугу кеңейип, салааларга бөлүнүп, суунун айрым бөлүгү аллювий тектерине сиңип, жер асты м-н Аксайга кошулат. Негизинен кар ж-а булак сууларынан куралат.

Ири куймалары: Оттоташ, Сариймек, Ортосуу (сол), Тузбел, Жергеталсай (оң). Жылдык орт. чыгымы 3–6 м3/сек. Эң чоң чыгымы июль – августта, азы февраль – мартта байкалат. Апрель – сентябрда кирип, октябрь – мартта тартылат.