География:ТАЛАС
ТАЛАС – Кырг-ндын түн.-батышындагы дарыя, Талас өрөөнүндө. Уз. 661 км, алабынын аянты 52 700 км2 (анын 9240 км2 тоолуу бөлүгүндө). Кыргыз ж-а Талас Алатоолорунан башталган Каракол ж-а Үчкошой сууларынын кошулушунан пайда болуп, кенен өрөөн аркылуу батыш тарапка агат да, Моюнкумда (Казакстан) соолот. Жогорку агымында өрөөнүнүн жазылыгы 20 км. Ортоңку агымында салааларга бөлүнүп, майда таш кумдуу шилендилерди пайда кылат. Жээктери саздуу. Негизги куймалары: Калба, Бешташ, Үрмарал, Күмүштак, Карабуура (сол), Кеңкол, Нылды (оң). Негизинен мөңгү, кар, булак сууларынан куралат. Жылдык орт. чыгымы 32,7 м3/сек, жогорку агымында (чатынан 555 км) 15,7 м3/сек, Тараздан жогорураакта 27,4 м3/сек. Эң көп чыгымы июлда (130 м3/сек), азы апрелде (8,95 м3/сек) байкалат. Май айын д а ки рип, ок тяб рда та рты лат. Декаб рд а тоңуп, мартта ачылат. Алабында жалпы аянты 120,7 км2ге жеткен 202 мөңгү бар. Сугатка пайдаланылат. Төмөнкү агымында Карабуура суу с. курулган. Жээгинде Талас ш., Көпүрөбазар, Карой, Миңбулак, Кызыладыр, Покровка ж. б. кыш. жайгашкан.