География:СҮРМӨТАШ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

СҮРМӨТАШ – Исфайрамсай суусунун сол курамы. Кадамжай р-нун аймагында Алай ж-а Коллектор кырка тоолорунун ашташкан жеринен башталат. Уз. 30 км; алабынын аянты 363 км2, деңиз деңг. орт. би йик т. 3 400 м. Негизинен куралуу облусуна кирет. Алабында жалпы аянты 44,7 км2 болгон 75 мөңгү бар; ирилери: Арчаконуш, Дугов. Эң ири куймасы – Топон (оң). Жылдык орт. чыгымы 5,78 м3/сек, эң көбү июнь – июлда, эң азы февраль – мартта байкалат. Негизинен кар ж-а булак сууларынан куралат. Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Уракайың, Эгинжай кыш. жайгашкан.