География:СӨӨК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

СӨӨК – Арпа өрөөнүндөгү суу, Жамантынын (Алабуганын алабы) сол куймасы. Уз. 45 км, алабынын аянты 535 км2. Фергана тоо тизмегинин түш.-чыгыш капталынан башталып чыгышты, 13–15 кмден кийин түн.-батышты карай агып, Жаманты суусуна куят. Негизинен кар, мөңгү ж-а булак сууларынан куралат. Ири куймалары: Көкбел, Каракол. Жылдык орт. чыгымы 2–2,5 м3/сек, эң көп чыгымы июнь – июлда, азы февраль – мартта байкалат. Апрель – сентябрда кирип, октябрь – мартта тартылат.