География:ОТТУК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОТТУК, К и ч и К а р а к у ж у р – Нарын р-нундагы суу, Онарчанын оң куймасы. Байдулу кырка тоосунун түн. капталынан башталып, кууш өрөөн м-н батышты карай, ортоңку агымда Карүңкүр аталып, саздуу өрөөн м-н түштүккө агып, Онарча га куят. Уз. 54 км, алабынын аянты 444 км2. Негизинен кар, булак сууларынан куралат. Ири куймалары: Сарыбулак, Оттук, Байбала (сол). Жылдык орт. чыгымы 1,1–2,5 м3/сек. Эң көп чыгымы июнь – июлда, азы январь – февралда байкалат. Апрель – сентябрда кирип, октябрь – мартта тартылат. Сугатка пайдаланылат. Боюнан Карүңкүр кыш. орун алган.