География:ОРТОКУУГАНДЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОРТОКУУГАНДЫ – Жумгал р-нундагы суу. Жумгал тоосунун Музтөр ашуусунан башталат. Жогорку бөлүгү Үчтөр аталып чыгышты, Көлмө суусунун чатынан Ортокууганды аталып түштүккө карай агат да Жумгалга куят. Аскалуу кууш капчыгай аркылуу агып, тоодон Жумгал ойдуңуна чыкканда сугат каналдарына бөлүнүп кетет. Ири куймалары: Кошбулак, Түзашуу, Арчалытөр. Жылдык орт. чыгымы 3,7 м3/сек. Эң көп чыгымы июнь – июлда, азы январь – февралда байкалат. Апрель – сентябрда кирип, октябрь – мартта тартылат. Алабында 2592 м бийиктикте Чоң Таш көлү жайгашкан. Негизинен кар, мөңгү ж-а булак сууларынан куралат. Боюнда Кайырма кыш. бар.