География:ОНАРЧА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОНАРЧА — Нарын д-нын оң куймасы. Уз. 75 км, алабынын аянты 1570 км2. Башкы агымында Солтонсары ж-а Көкторпок деп аталат. Солтонсары Каражорго ж-а Капкаташ кырка тоолорунан, Көкторпок Нура тоосунун түн. капталындагы мөңгүлөрдөн башталат. Булак (46,2%), мөңгү (27,4%) ж-а кар (24%) сууларынан куралат. Жылдык орт. чыгымы 9,92 м3/сек. Эң көп чыгымы июнь – июлда, азы декабрь – февралда байкалат. Апрелде кирип, сентябрда тартыла баштайт. Алабында аянты 10,6 км2 келген мөңгү бар. Ири куймалары: Оттук (54 км), Эчкибашы (21 км). Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Онарча, Миңбулак кыш. жайгашкан. Боюнан таш доорунда жашаган адамдардын буюмдары табылган.