География:МУКУР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУКУР, У Ту р — Аксы р-нундагы суу. Карасуунун ири оң куймасы. Уз. 34 км, алабынын аянты 297 км2. Чаткал тоосунун түш.-чыгыш капталынан башталып, кууш капчыгай, Итагар куймасынын чатынан баштап жазы өрөөн м-н агат. Алабынын деңиз деңг. орт. бийикт. 2700 м, эң бийик жери 4503 м. Куралуу облусуна кирет. Жылдык орт. чыгымы 2,60 м3/сек, эң көбү май – июнда, эң азы январь – февралда байкалат. Негизинен кар, жаан-чачын ж-а булак сууларынан куралат. Сугатка пайдаланылат. Боюнан Авлетим, Байкашка, Терек ж. б. кыш. орун алган.