География:МАКМАЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАКМАЛ — Тогузторо ж-а Акталаа р-ндору аркылуу аккан суу, Алабуганын сол куймасы. Уз. 41 км, алабынын аянты 441 км2. Жалгызкыр тоосунун түш.-чыгыш тарабынан башталат. Өрөөнүнүн таманы түзөң, тоо капталдары жантайыңкы, жарлар кездешет. Негизинен кар, булак ж-а жаан-чачын сууларынан куралат. Жылдык орт. чыгымы 1,8–2,5 м3/сек, көп чыгымы июнь – июлда, азы февраль – мартта байкалат. Апрель – сентябрда кирип, октябрь – мартта тартылат. Ири куймалары: Караңгытокой, Алма, Чоң Таш (сол). Негизинен кар, булак ж-а жаан-чачын сууларынан куралат. Боюнда Макмал кыш. жайгашкан.