География:КЫРГЫЗАТА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗАТА — Ноокат р-нундагы суу, Аравансайдын оң курамы. Уз. 42 км, алабынын аянты 298 км2, бийикт. 3240 м. Кичи Алай кырка тоосунун түн. капталынан башталат. Негизинен кар (22%), мөңгү (39%), булак сууларынан (39%) куралат. Жылдык орт. чыгымы 4,18 м3/сек. Эң көбү июнь – июлда, эң азы февраль – мартта байкалат. 6 куймасы бар; ирилери: Курган, Шамшалы (оң), Карагой (сол). Сугатка пайдаланылат. Боюнда Имамата, Акбулак ж. б. кыш. жайгашкан.