География:КЫЗЫЛСУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗЫЛСУУ — Кемин р-ндагы суу. Чүй д-нын сол куймасы. Уз. 36 км, алабынын аянты 171 км2. Алабынын деңиз деңг. орт. бийикт. 2500 м. Төрт чоң куймасы бар. Кыргыз Алатоосунун түн. капталындагы мөңгүлөрдөн башталат да, кууш капчыгай аркылуу агып, Чүй өрөөнүнө чыгат. Жылдык орт. чыгымы 1,46 м3/сек, эң көбү июнь – июлда, эң азы февралда байкалат. Сугатка пайдаланылат. Боюнан Кызылсуу кыш. орун алган.