География:КУМТӨР
КУМТӨР — Ички Теңиртоодогу суу, Нарын д-нын башаты. Акшыйрак тоо тоомундагы Петров мөңгүсүнөн башталып, Арабелсуу м-н кошулат да, Нарындын оң курамы Тарагайды түзөт. Уз. 36 км, алабынын аянты 233 км2. К-дүн 32 куймасы бар. Суу куралуу аянтынын орт. бийикт. 4090 м. Негизинен мөңгү суусунан куралат. Ири куймалары: Сарытөр, Борду, Акбел (сол). Жай мезгилинде кирип, күзүндө тартылат. Июндун аягында да ташкындайт. Жылдык орт. чыгымы 3,9 м3/сек. Алабынын 30%тен ашыгын мөңгүлөр ээлейт.