География:КӨКСУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨКСУУ – Алай өрөөнүндөгү суу, Кызылсуунун оң куймасы. Уз. 65 км, алабынын аянты 1105 км2. Алай кырка тоосунун түш. капталындагы Абрамов мөңгүсүнөн башталып, капчыгайлуу өрөөн аркылуу түштүктү карай агат. Ири куймалары: Асанкоргон, Тегерек, Музбел, Кулжабашы (оң), Ойбала, Дүңгүрөмө, Карабел (сол). Негизинен кар, мөңгү ж-а булак сууларынан куралат. Жылдык орт. чыгымы 10– 12 м3/сек. Эң көп чыгымы июль августта, азы февраль – мартта байкалат. Апрель – сентябрда кирип, октябрь – мартта тартылат. Боюнан Жарбашы, Кочкорчу кыш. орун алган.