География:КӨЙКАП

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨЙКАП – Борб. Теңиртоодогу суу, Сарыжаздын сол куймасы. Уз. 33 км, алабынын аянты 507 км2, деңиз деңг. бийикт. 3200 м. Какшаал тоо тизмегиндеги Көйкап мөңгүсүнөн башталып, бадалдуу кууш капчыгай аркылуу агып, Сарыжазга куят. Алабы мөңгүлүү. Суу куралуу облусуна кирет. Негизинен мөңгү ж-а кар сууларынан куралат. Ири куймалары: Сарытөр, Карагайлуу, Майбаш, Булантөр (оң). Жылдык орт. чыгымы 5 м3/сек; эң көбү июнь – июлда, эң азы январь – февралда. Атынын пайда болушу ж-дө к. Көйкап тоосу макаласын.