География:КОСЧАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОСЧАН, К о ш ч а н – Кичи Алайдын түн. капталындагы суу. Каракол суусунун оң куймасы. Уз. 27 км, алабынын аянты 117 км2, деңиз деңг. орт. бийикт. 2830 м, эң бийик жери 4630 м. Кичи Алай кырка тоосунун түн. капталындагы мөңгүлөрдөн башталат. Чыгыштан батышты карай кууш кокту аркылуу агып, ортоңку агымында түндүктү көздөй бурулуп, өрөөнгө ч ыг а т. Алты куй ма сы ба р ( н ег из и нен о ң куймалары). Жылдык орт. чыгымы 1,74 м3/сек, эң чоң чыгымы апрель – майда, эң азы январда байкалат. Суу куралуу обулусуна кирет. Сугатка кеңири пайдаланылат. Боюнда Алике, Карабаш кыш. жайгашкан.