География:КОЖАШКАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЖАШКАН – Баткен р-нундагы суу, Сохтун оң куймасы. Уз. 57 км, алабынын аянты 1060 км2. Жылуусуу ж-а Гөөмүш сууларынын кошулушунан пайда болуп, түш.-батышты карай агат. Гөөмүш Куруксай тоосунан, Жылуусуу Алай кырка тоосунун түн. капталындагы мөңгүлөрдөн башталат. Алабынын деңиз деңг. орт. бийиктиги 3200 м. Жогорку бөлүгү кууш капчыгай аркылуу агат. Өзөнүндө шаркыратма ж-а босоголор кездешет. Негизинен кар (65%), мөңгү ж-а булак сууларынан куралат. Жылдык орт. чыгымы 4,56 м3/сек. Эң көп чыгымы июнь – июлда, азы мартта байкалат. Май айында кирип, ноябрда тартылат. 15 куймасы бар, ирилери: Тилбе (14 км), Арчабашы (18 км), Жылуусуу ж. б. Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Кожашкан, Шудман, Зардалы кыш. жайгашкан.