География:КАРАСАЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАСАЗ – Кичи Нарындын оң куймасы. Уз. 45 км, алабынын аянты 425 км2. Капкаташ тоосунун түн. капталынан башталып, Каракаман ж-а Капкаташ тоолорунун аралыгындагы түзөң, саздуу өрөөн аркылуу агат. Башталышында Белтепши, ортоңку агымында Чардаксуу ж-а Ташкечүү аталат. Ири куймалары: Корумдусуу, Карабулак, Ичкебулак, Белбулак. Жылдык орт. чыгымы 2,5–3,7 м3/сек. Эң көбү июль– августта, азы январь-февралда байкалат. Апрель – сентябрда кирип, октябрь – мартта тартылат.