География:КАРАКӨЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
— Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш капталындагы чакан тоо көлү. Көгарт суусунун оң куймасы Ачысайдын алабында жайгашкан. Аянты 0,1 км2. Көл чанагы деңиз деңг. 1 300 м бийиктикте жатат. Көл кар ж-а жаан–чачын суулары м-н толукталып турат. Суу агып чыкпаган туюк көл.