География:КАРАГЕРМЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАГЕРМЕ – Атбашы р-нундагы суу, Мүдүрүм суусунун жогорку агымы. Какшаал тоо тизмегинин түн. капталындагы Карагерме мөңгүсүнөн башталат. Уз. 31 км, алабынын аянты 405 км2. Алабынын деңиз деңг. орт. бийикт. 3860 м. Ири 10 куймасы бар. Оң куймалары Жаңыжер кырка тоосунун түш. капталындагы чакан мөңгүлөрдөн агып түшөт. Алабынын 147,6 км2 жерин мөңгү ээлейт. Жылдык орт. чыгым 2,0 м3/сек. Эң көбү июнь – августта, эң азы февралда байкалат. Мөңгү, кар сууларынан куралат. Өрөөнү жайыт.