География:КАРАБУК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАБУК – Нарын р-нун аймагы аркылуу аккан суу, Нарын д-нын сол куймасы. Уз. 55 км, алабынын аянты 418 км2. Ойнокжар тоосунун түн. капталынан Миңбулак деген ат м-н башталып, капчыгайлуу өрөөн м-н түн.-чыгышты карай агат. Ийрисуу м-н кошулгандан кийин Байбиче тоосун кесип өтүп, Нарынга сол жактан куят. Эң көп чыгымы июнь – июлда, азы ноябрь – декабрда байкалат. Негизинен кар ж-а булак сууларынан куралат. Ири куймасы – Сарыкоо. Жылдык орт. чыгымы 0,7– 1,3 м3/сек. Өрөөнүндө Жаңытилек кыш. жайгашкан. Сугатка пайдаланылат. К. Ийрисуу деп да аталат.