География:КАЙЫҢДЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЙЫҢДЫ – Борб. Теңиртоодогу суу, Сарыжаздын сол куймасы. Кантеңир тоо тоомунун түш.-батыш тарабындагы Кайыңды мөңгүсүнөн башталып, Кайыңды өрөөнү аркылуу батышка агат. Уз. 50 км, алабынын аянты 599 км2, анын 158 км2ин мөңгү ж-а түбөлүк эрибеген кар ээлеп жатат. Алабынын орт. бийикт. 3800 м. Мөңгү, кар ж-а булактардан куралат. Июль – август айларында агымдын жылдык көлөмүнүн 60–70%и агып өтөт, ноябрь – апрелде тартылат. Жылдык орт. чыгымы 10 м3/сек, эң көбү –100 м3/сек, эң азы –1,5 м3/сек. К-ны бойлой карагай («галарея токою») өсөт. Негизги куймасы–Атжайлоо суусу.