География:КАЖЫРТЫ
КАЖЫРТЫ – Соңкөлдөн башталган суу, Нарын д-на куят. Уз. 62 км, алабынын аянты 1960 км2. Жогорку агымында Соңкөл деп аталып, кууш ж-а терең капчыгай аркылуу агат. Ири куймалары: Каратал (35 км; оң); Төрсуу (21 км), Кеңсуу (19 км), Кумдуусуу (16 км), Баткаксуу (15 км; сол). Жылдык орт. чыгымы 5,2 м3/сек. Соңкөлдүн деңгээлинин жылдык өзгөрүүсүнө карата майда кире баштап, сентябрда тартылат.