География:ЖЫРГАЛАҢ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫРГАЛАҢ – Аксуу р-нундагы суу. Т ескей Алатоонун түн. капталынан башталып, Ысыккөлдүн чыгыш тарабындагы аты окшош булуңга куят. Уз. 97 км, алабынын аянты 2070 км2. Жогорку жагы кууш капчыгай аркылуу субмеридиан багытта, төмөнкү бөлүгү кеңдик багытта агат. Ири куймалары: Теримтөрбулак, Түргөнаксуу, Бозучук, Ичкежергез, Аксуу (Арашан). Мындан башка 50дөн ашык майда куймалары бар. Алабында ж алпы ая нты 1,5 4 км 2 к елг ен 42 көл жатат. Жылдык орт. чыгымы 22,5 м3/сек; эң көбү 104 м3/сек, эң азы 7,12 м3/сек. Апрелде кире баштап, августтун аягында тартылат. Сугатка кеңири пайдаланылат. Алабында Аксуу ж-а Жыргалаң курорттору жайгашкан. Боюнда Жыргалаң шаарчасы, Совет, Токтогул (Зындан), Акчий, Раздольный, Шапак, Отрадный, Чоң Жергез, Чолок, Каражал, Тепке кыш. орун алган.