География:ЖООНАРЫК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖООНАРЫК – Кочкор р-нундагы суу. Уз. 34,8 км, алабынын аянты 1340 км2. Тескей Алатоонун түш. капталынан башталган Каракужур ж-а Төлөк сууларынын кошулушунан пайда болот. Кочкор суусу м-н кошулуп, Чүй д-н түзөт. Ири куймалары: Каракокту, Чалай, Каракужур, Төлөк. Мындан башка 60тан ашык майда куймасы бар. Алабында жалпы аянты 0,15 км2 келген 2 көл жатат. Жылдык орт. чыгымы 11,4 м3/сек; байкалган эң көп чыгымы 131 м3/сек, эң азы–1,97 м3/сек. Апрелде кирип, августтун аягында тартылат. Сугатка пайдаланылат, андан ондон ашык сугат каналдары башталат. Жээгинде Сарыбулак, Көкжар кыш. жайгашкан.