География:ГАВИАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАВИАН – Кадамжай р-нундагы суу, Сохтун оң куймасы. Гараты суусу кошулгандан кийин Сохко куят. Уз. 33 км, алабынын аянты 237 км2. Алабынын деңиз деңг. орт. бийикт. 2900 м. Суу куралуу облусуна кирет. Куруксай тоосунун түн. капталынан агып түшөт. Жогорку бөлүгү кууш колот аркылуу агып, ортоңку бөлүгүндө Тескей тоосунан өткөндө өрөөнгө чыгат. Боюнда токой кездешет. Жылдык орт. чыгымы 1,90 м3/сек, эң көбү май – июнда, эң азы январь – февралда байкалат. Жээгинде Хайдаркен, Чечме, Ормош ж. б. кыш. жайгашкан. Сугатка пайдаланылат.