География:БЫЧАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЫЧАН – Акталаа р-ну аркылуу аккан суу, Алабуга суусунун сол куймасы. Уз. 56 км, алабынын аянты 1050 км2. Суу куралуу облусуна кирет. Фергана тоо тизмегинин түн.-чыгыш капталынан башталат. Өрөөнү жазы келип түн.-чыгышты карай 10 кмдей аккандан кийин түш.-чыгышка бурулат. Чатына жакындаганда өрөөнү кууштап кайрадан түн.-чыгыш багытка агат. Жылдык орт. чыгымы 7–9 м3/сек, эң көбү май – июнда, азы январда байкалат. Өрөөнү жайлоо.