География:БОЗЖАЛПАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОЗЖАЛПАК – Жетөгүз р-нундагы суу, Баралбас суусунун бир курамы. Уз. 30 км, алабынын аянты 486 км2. Какшаал кырка тоосунун түн. капталынан башталып, Бозжалпак өрөөнү аркылуу түн.-чыгышты карай агат. Карабел суусу м-н кошулуп Баралбас суусун түзөт. Алабынын деңиз деңг. орт. бий икт. 3 600 м. Ири куймалары: Кулжатөр, Кызылчиркөө, Бедел, Карабел, Миңтеке (оң). Алабында жалпы аянты 26,5 км2 келген 26 мөңгү бар. Жылдык орт. чыгымы 3–4 м3/сек, эң көбү май – июнда, азы февралда байкалат. Өрөөнү жайыт.