География:БАКАЙЫР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАКАЙЫР – Карабуура р-нундагы суу, Талас суусунун сол куймасы. Уз. 43 км, алабынын аянты 196 км2. Талас Алатоосунун түн. капталынан башталат. Жогорку агымы кууш капчыгай аркылуу шар агат. Төмөнкү агымында нугу кеңейип тайыздайт. Жалпы уз. 33 км келген 13 өзөн куят. Ирилери: Курубакайыр, Суулубакайыр. Май айында кирип, октябрда тартылат. Жылдык орт. чыгымы 0,70 м3/сек; эң көбү 1,19 м3/сек, эң азы 0,20 м3/сек. Акчий кыш. тушта сугатка бөлүнүп кетет. Боюнда Бакайыр кыш. жайгашкан.