География:АЛАБУГА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛАБУГА – Акталаа р-нундагы суу, Нарын д-нын сол куймасы. Уз. 180 км, алабынын аянты 5820 км2. Фергана тоо тизмегинин түш.-чыгыш ж-а Торугарт кырка тоосунун түн. капталдарынан башталат. Жогорку бөлүгү Арпа деп аталып, Арпа м-н Бычан кошулуп А-ны түзөт. Арпа өрөөнү аркылуу агып, Ортоңку Нарын өрөөнүнө чыкканда нугу кеңейип, суусу тайыздайт. Куймалары: Жамандаван (64 км), Коңорчок (39 км), Кашкасуу (33 км), Кумарык (23 км; оң), Бычан (40 км), Сөөк (45 км), Макмал (41 км), Карасуу, Миңжылкы, Мынакелди, Кырчынбулак (сол). Майда кирип, октябрда тартылат. Жылдык орт. чыгымы 26,5 м3/сек; көбү – 124 м3/сек, эң азы – 9,70 м3/сек. Сугатка пайдаланылат. Боюнда Кошдөбө, Коңорчок кыш. Шырдакбек сепилинин чалдыбары жайгашкан. Топоним балыктын атынан пайда болгондугу божомолдонот.