География:АЛАРЧА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛАРЧА – Аламүдүн р-нундагы суу, Чүй д-нын сол куймасы. Уз. 78 км, алабынын аянты 270 км2. Кыргыз Алатоосунун түн. капталындагы мөңгүлөрдөн башталат. Жогорку агымы кууш капчыгай аркылуу агат да, Кашкасуу кошулган жерден Байтик өрөөнүнө чыгат. Суу бойлой арча, бадал, чычырканак өсөт. А. суусу Чоң Арык кыштагынан кийин Бишкек ш-н аралай түн. тарапка агат. Ири куймалары: Аксай, Текетөр, Топкарагай, Туюксуу, Жиндисуу, Адыгине, Кашкасуу ж. б. Алабында 5 көл, жалпы аянты 53,6 км2 келген 33 мөңгү бар. Майда кирип, сентябрдын аягында тартылат. Жылдык орт. чыгымы 4,17 м3/сек; эң көбү 50 м3/сек, эң азы 0,81 м3/сек. Төмөнкү агымында Төмөнкү А. суу сактагычы курулган. Сугатка пайдалангандыктан Чүй д-на жетпейт. Боюнда Кашкасуу, Ташдөбө, Орталыш, Чоңарык, Ортосай, Маевка кыш. жайгашкан. Алабы улуттук парк.