География:АКЖОЛ
АКЖОЛ – Аксы р-нундагы суу, Карасуунун сол куймасы. Уз. 29 км, алабынын аянты 240 км2. Алабынын деңиз деңг. орт. бийикт. 2000 м. Фергана кырка тоосунун түш.-батыш капталынан башталат. Бербулак, Мадек, Жолборсту, Кеккуумай, Кичакжол сыяктуу куймалары бар. Жылдык орт. чыгымы 8,0 м3/сек, эң чоңу май – июнда, азы январь – февралда байкалат. Сугатка пайдаланылат. Боюнда Акжол кыш. жайгашкан.