География:АБШЫРСАЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Ош облусунун Ноокат р-нундагы табигый кооз жер. Райондун борбору Эски Ноокаттан 25–26 км аралыкта. Абшырсай суусу Кичи Алай кырка тоосунун түн. капталынан агып түшүп, адырларга өтөөрдө акиташ тектеринен түзүлгөн аскаларды кесип агып, тар ж-а терең капчыгайды пайда кылат. Капчыгайдын таманынын жазылыгы 20 мдей, уз.2 км, салыштырма бийикт. 600–800 м, абс.бийикт. 1800–1900 м. Өрөөндүн таманынан 30–35 м бийиктикте, капчыгайдын оң капталындагы диаметри 2 м келген үңкүрдөн булак атырылып чыгып (чыгымы 0,3 м3/секга жакын), эки баскычтуу шаркыратманы пайда кылат. Биринчи баскычтын бийикт.15 мден ашык, экинчиси 11–12 м. Өрөөндөгү сууга салыштырганда шаркыратманын суусу тунук, муздак, кальций, магнийге бай. Суу жер астындагы карсттык көлмөнүн бир четиндеги жарака м-н жыл бою бир калыпта сыртка чыгат. А. шаркыратмасынын тегереги өзгөчө кооз, суу жээктей бадалдар өсөт; алардын арасына тал-терек, мөмө дарактары тигилген.

Мурдагы колхозчулардын эс алуу үйү бар. Шаркыратманы даана көрүш үчүн капчыгайдын эки капталына бетон тепкичтер ж-а тектирчелер курулган.