География:ТҮНДҮК ТЕҢИРТОО КӨМҮРЛҮҮ АЙМАГЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ТҮНДҮК ТЕҢИРТОО КӨМҮРЛҮҮ АЙМАГЫ – Кырг-ндын түндүгүндөгү көмүр кендери жайгашкан жер. Ал Нарын облусунун Жумгал р-нундагы Көкмойнок, Каракече, Кабак ж-а Ысыккөл облусундагы Жыргалаң, Жергез, Сүттүбулак, Сөгөттү көмүр кендеринен турат. Көмүр кендери жерг. элге эзелтен белгилүү болсо да, алгачкы геол. маалыматтар 1915-ж. берилген. Аймактын геологиясын негизинен ордовик, карбон, юра ж-а неоген-палеоген мезгилдеринин чөкмө тоо тектери, антропогендин борпоң чөкмөлөрү, протерозой, каледон ж-а герциндин гранитоид интрузиялары түзөт. Көмүр юра мезгилинин кумдук, чопо, алевролит тоо тек катмарынын арасында топтолгон. Каракечеде 2, Көкмойнокто 8, Жыргалаңда 6, Сөгөттүдө 6, Сүттүбулакта 2, Жергезде 1 көмүр катмары бар. Бирок, көпчүлүгү жука кабаттардан тургандыктан айрымдары казып алууга жарамсыз. Күрөң көмүр тобуна кирет. Күйүүдөгү жылуулук берүү энергиясы 19,64–22,63 МДж/кг (Көкмойнок кени), күлү аз, күкүрттүү; к. Көкмойнок – Каракече көмүрлүү аймагы, Түштүк Ысыккөл көмүрлүү аймагы макалаларын.