География:ТҮНДҮK РИШТАН МУНАЙ-ГАЗ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ТҮНДҮK РИШТАН МУНАЙ-ГАЗ КЕНИ Баткен облусунун Кадамжай р-нундагы мунай ж-а күйүүчү табигый газ чыккан жер. Куйбышев кыш-нан 12 км түш. тарапта, Фергана өрөөнүнүн түштүгүндө жайгашкан. 1914-жылдан белгилүү. Кен мезозой ж-а кайнозой замандарында пайда болгон чөкмө тоо тектеринен турган антиклиналдык түзүлүштөн орун алган. Бор мезгилинин чопо кабатчаларынын арасында жайгашкан кумдук ж-а акиташ тектеринде газ, ал эми кумдук кабаттарында мунай топтолгон. Пайдалуу кабаттардын калыңдыгы 5 мге чейин, уз. 2,5 км, 340– 550 м тереңдикте жатат. Газдын суткалык чыгымы 250–750 миң м3, мунайдыкы 0,5– 28 т. Юра мезгилинин 1300–1370 м тереңдиктеги кумдук кабатынан да чыккан. Газдын составы: метан (73–77,8%), этан (2,3– 7,7%), пропан (0,8–1,37%), бутан (0,3– 0,56%), пентан ж-а жогорку сапаттагы газ (0,3%). Мунайдын составында күкүрт 0,1%, парафин 3,12–4,78%, чайыр 4–6%.