География:ТЕРЕК-КАН АЛТЫН КЕНИ
ТЕРЕК-КАН АЛТЫН КЕНИ Жалалабат облусунун Чаткал р-нунда, Терексай кышк-тан 2 км түш.-чыгышта, Терексай суусунун сол жээгинде, деңиз деңг. 1500–2000 м бийиктикте жайгашкан. 1934-ж. табылган. 1934–77-ж. геол. чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы Терек-Кан брахиантиклиналдык бүктөлүүгө дуушар болгон пермдин граносиениттери м-н жирелген, протерозойдун семизсай свитасынын метаморфизмделген сланецтеринен түзүлгөн. Рудалануу метаморфизмделген сланецтердин талкаланган ж-а кварцташкан тереккан зонасы ж-а гранит-сиенит-порфирдин контактысындагы скарндуу кварциттер м-н байланышкан. Кен метасоматоздук гидротермдин таасиринен пайда болуп, рудалануу тарам тибине ж-а алтын-сульфид формациясына кирет. Руданын негизги минералдары: пирит, арсенопирит, пирротин. Рудадагы алтындын орт. өлчөмү 8,4 г/т, күмүштүкү–3,59 г/т. Руданын запасы 873 миң т. Алтындын запасы 7,634 т, күмүштүкү–3 т.