География:СЫМАП КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

СЫМАП КЕНИ –Баткен районундагы сымап рудасы бар жер. Алтынбешик тоосунда. 1927-ж. ачылган. Кен аймагы доломиттен ж-а акиташ тегинен туруп, ал тоо тектерди түрдүү багыттагы тектон. жаракалар кесип өтөт. Руда негизинен ошол жаракалардын кесилиш жерлеринде топтолгон; негизинен киновардан турат. Кен 1942–52-ж. ж-а 1946–72-ж. казылып алынып турган; сымаптын калган болжолдуу запасы–545 т.