География:САРЫБУЛАК КАЛАЙ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

САРЫБУЛАК КАЛАЙ КЕНИ Ысыккөл облусунун Жетөгүз р-нунда. Акшыйрак кыш-нын батыш тарабында, Үчбайке тоосунун түн. этегинде жайгашкан. 1954-ж. табылган. Кен аймагын девон мезгилинде пайда болгон акиташ теги ж-а аны жиреп чыккан карбондун гранит интрузиясы түзөт. Калай рудасы акиташ тегинин интрузияны бойлой созулган мраморлошкон тилкесинде топтолгон. Тилкенин жазылыгы 300–400 м. Кен тулкусу линза сымал мамычаны түзөт. Татаал составдуу касситерит-сульфиддүү, негизги минералдары: касситерит, галенит, сфалерит, пирротин, халькопирит ж. б. Кендеги калайдын С2 категориясы б-ча запасы 10,0 т.