География:КҮМҮШТАГ КҮМҮШ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КҮМҮШТАГ КҮМҮШ КЕНИ Талас облусунун Бакайата р-нунда, Талас Алатоосунун түн. капталында, Күмүштаг суусунун алабында, деңиз деңг. 2600–3000 м бийиктикте. Кен 1934-ж. ачылган. 1978– 84-ж. издөө-баалоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагында уз. 50–70 м жеткен кенди казып алуунун байыркы издери кезигет. Кендин геол. түзүлүшүнө жогорку рифейдин алевролит катмарчасы, акиташ ж-а кумдук горизонттору бар кызыл түстөгү алевролиттер катышат. Бул эки түрдөгү катмарлардын жантайган контактысы м-н кварц-манганосидериттин кен катмарчасы байланышкан. Калыңдыгы 0,4–3,1 м, уз. 230–740 м болгон онго жакын кат-кат тулкулар табылган. Негизги руда минералы – сульфоантимониттери болуп эсептелет. Рудадагы күмүштүн орт. өлчөмү 203–269,4 г/т. Руданын С1 категориясы б-ча запасы 1484 миң т, болжолдуу ресурсу 6260 миң т, бардыгы 7744 миң т. Күмүштүн С1 категориясы б-ча запасы 301,6 т, болжолдуу ресурсу 1686,9 т, бардыгы 1988,5 т. Рудадагы күмүштөн башка ресурстардын запасы: сурьманыкы 33824 т, коргошундуку–2697 т, висмуттуку–2674 т, жездики–8695 т.