География:КУРУТЕГЕРЕК АЛТЫН КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУРУТЕГЕРЕК АЛТЫН КЕНИ Чаткал районунда. Кен аймагындагы акиташ тегинин интрузия м-н чектеш жеринде скарн кабаттары орун алып, аларда руда тулкулары жайгашкан. Рудадагы негизги минералдар: халькопирит, пирротин, магнетит, пирит, алтын, гетит, жез (нукура). Кендеги алтындын С1 категориясы б-ча запасы 22009 кг (алтындын орт. өлчөмү 2,17 г/т), С2 категориясы б-ча запасы 2096 кг.