География:КАРАКЕЧЕ КӨМҮР КЕНИ
КАРАКЕЧЕ КӨМҮР КЕНИ–Нарын облусунун Жумгал р-нундагы күрөң көмүр кени жаткан жер. Чаек кыш-нан 25–30 км түш. тарапта, Молдотоо ж-а Кабак кырка тоолорунун аралыгында, Каракече өрөөнүндө жайгашкан. Кен аймагын карбон ж-а юра мезгилдеринде пайда болгон конгломерат, сланец, чопо, алевролит, аргиллит ж-а гравелит тектери түзөт. Пайдалуу көмүр катмары юранын чөкмө тектеринин арасында жатат. Мында көмүрдүн эки кабаты бар. Биринчисинин калыңдыгы 0,17–0,34 мден 15,6 мге, экинчисиники 5 мден 96 мге чейин. Кендин көмүрү бир өңчөй таза, дюрендүү, күрөң, күлдүүлүгү 10%, күкүрт 1%. Күйгөндө 19,64 МДж/кг жылуулук берет. Запасы 312,6 млн т (2001). 1984-жылдан казылып алынат.